• Башкы бет
  • Сузакка селден улам жаралган кырдаал боюнча өзгөзө кырдаал режими киргизилди
14:20, 2022-ж., 6-май

Сузакка селден улам жаралган кырдаал боюнча өзгөзө кырдаал режими киргизилди

Сузакка селден улам жаралган кырдаал боюнча өзгөзө кырдаал режими киргизилди

4-майдагы нөшөрлөгөн жаандан улам Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы жана Атабеков айылдарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини суу каптаганын кабарлады.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

«Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо. ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө», -деп билдирди министрлик.

Табыгый кырсыкка байланыштуу президент Садыр Жапаров дагы үн катты. Ал 5-майда «Фейсбуктагы» баракчасына суу каптаган аймактардан миңден ашуун адам эвакуацияланганын, селден жабыркагандарга жардам берилерин жазды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тынымсыз жааган жамгырдан улам сел көп катталууда. Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын инфраструктурасы ири материалдык чыгымга учурады: ички каттамдын жолдорун, эгин талааларын сел алып, турак үйдүн короосун суу каптап,бир нече көпүрө урады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...