• Башкы бет
  • Ноокатта 4 адам таттуу токочко ууланып, ооруканага түштү
14:14, 2022-ж., 5-май

Ноокатта 4 адам таттуу токочко ууланып, ооруканага түштү

Ноокатта 4 адам таттуу токочко ууланып, ооруканага түштү

Оштун Ноокат районундагы Арал айылында бир үй-бүлөнүн төрт баласы таттуу токочтон ууланып, ооруканага кайрылды. Бул тууралуу «Т-Медиага» райондук жалпы даргердик практикалык борборунун жетекчиси Асамидин Марипов билдирди. 

Алар апасы дүкөндөн сатып келген таттуу токочту (торт) жегенден кийин өздөрүн жаман сезип, бирөө куса баштаган.

«Балдар 3-май күнү ооруканага түштү. Бирөө кусуп, ичи өткөн экен. Ата-энеси коркуп кетип бардык балдарын алып келиптир. Апасынын айтымында, торттун калганын эртеси күнү да жешкен. Таттуу күндө калып кеткен экен. Балдардын абалы жакшы болгон үчүн кечээ, 4-майда үйүнө чыгарганбыз. Ошентсе да дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Бүгүн эрте менен (ред-5-май) ата-энесине чалып , балдардын абалын сурадык. Кадимкидей ойноп, өздөрүн жакшы сезип жатышат», -деди Марипов. 

Ноокаттагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Нурлан Орозалиевдин айтымында, балдар 2-май күнү апасы дүкөндөн сатып келген быштак кошулган таттуу токточту жегенден кийин өздөрүн жаман сезишкен. Алар 5, 8, 9 жана 10 жашта. Орозалиев учурда тортту саткан соода жайына 7,5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынганын айтты. Окуядан кийин аталган аймактагы соода жайларында тамак-ашты сактоо эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды саткандарга рейд жүрүүдө.

«Баштапкы маалымат боюнча, ууланган балдар «Бар бол» кондитердик цехинин быштак кошулган тортун жешкен. Анализдин алгачкы жыйынтыгы чыгып, ич өткөк козгогучтары аныкталды. Толук жыйынтык 5-майда белгилүү болот Учурда бир жумалык рейд жүрүүдө. «Борболдун» азыктарын саткан магазиндердин баары текшерилет», -деди Орозалиев. 

«Т-Медиа» басылмасы «Барболдун» жетекчилиги менен байланышкан. Мекеменин башчысы Канат Акаев буларды айтты:

«Текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатабыз. Негизи биз мөөнөтү өтүп кеткен товарларды эч жака чыгарбайбыз. Адистерибиз балдары ууланды делген ата-эне, райондук оорукана жана Санепид борбору менен жерине барып сүйлөштү. Азырынча торттон ууланды деген даилдер жок. Дүкөндүн ээси азыктарды кандай шартта кармады деген да суроо жаралат. Жыйынтык чыкпай туруп бир тараптуу күнөө койгон туура эмес». 

Эске салсак: 1-май күнү Ошто таттуу токочтон 30дан ашуун адам ууланып ооруканага түшкөн. Жабыркагандардын 18и чоң кишилер, калганы балдар. Ош облустук санэпидкөзөмөл борборунун баштапкы маалыматына ылайык, жабыркагандар «Сахобат» деп аталган кондитердик цехте жасалган таттуу токочтон ууланган. Адистер аталган ишкананын азыктарын текшерип, ушундай тыянак чыгарышкан. Кара-Суу районунда жайгашкан аталган цех текшерилип, айып пул салынды жана иши токтотулду. Ишкананын азыктары дүкөндөрдөн алынып жатат.

Буга чейин Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы калаада уулануунун бир канча фактысы катталганын эскертип, тез бузула турган азык-түлүктөрдү сатып алууда элди сак болууга чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...