• Башкы бет
  • Катуу жааган жаандан улам Сузак районунун бир нече айылын суу каптады
14:10, 2022-ж., 5-май

Катуу жааган жаандан улам Сузак районунун бир нече айылын суу каптады

Катуу жааган жаандан улам Сузак районунун бир нече айылын суу каптады

4-майдын түнүндө катуу жааган жамгырдан улам Жалал-Абаддын Сузак районунда бир катар айылдарды сел каптап, Миң-Өрүк жана Кара-Жыгач айылдарындагы 35 үйдүн тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков айыл аймагындагы Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарын жана Барпыдагы Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү каптаган. Мындан тышкары Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйдүн ичине сел суулары кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүшкөн. Миң-Өрүк айылында бир үй толугу менен урап түшкөн.

«Ошондой эле Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган. Учурда жеринде министрликтин ыкчам топтору жана 77 куткаруучу, үч жүктөгүч техника, бир самосвал, бир грейдер, эки манипулятор, эки трактор тартылды. Кошумча маалымат беребиз», -дейт министрликтин басма сөз кызматы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...