• Башкы бет
  • Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды
14:02, 2022-ж., 5-май

Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды

Иллюстракциялык сүрөт

Иллюстракциялык сүрөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 5-майда кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты. Анда кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Ташиев Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүрө турганын жана коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде өтүп жатканын белгилеген.

Былтыр март айында Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган жана жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 16-апрелде Фейсбуктагы расмий баракчасына кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталганын билдирсе, 17-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Исфара районундагы сапарында аны ырастаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери 2002-жылы башталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...