• Башкы бет
  • Кыргызстандыктар 16-майдан тартып Орусияга чектөөсүз кире алышат
13:59, 2022-ж., 5-май

Кыргызстандыктар 16-майдан тартып Орусияга чектөөсүз кире алышат

Кыргызстандыктар 16-майдан тартып Орусияга чектөөсүз кире алышат

2022-жылдын 16-майынан тартып Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына киришине коюлган чектөөлөр алынат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта тиешелүү чечимди эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен Орусиянын өкмөтү кабыл алганы жазылган.

Кыргыз өкмөтү өз кезегинде Орусиянын жарандарына өлкөгө кирүү үчүн коюлган чектөөлөрдү жое турган болду.

Чектөөлөрдү алуу маселеси 2022-жылдын 14-апрелинде Москвада өткөн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 23-отурумунда талкууланган.

Өкмөттөр аралык комиссиянын ишине Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук катышкан.

Буга чейин Кыргызстандын жарандарына Орусиянын аймагына кирүүгө аба аркылуу гана уруксат берилип келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...