• Башкы бет
  • Массалык уулануудан кийин Ош шаарында кондитердик жана эт азыктары текшерилүүдө
13:20, 2022-ж., 4-май

Массалык уулануудан кийин Ош шаарында кондитердик жана эт азыктары текшерилүүдө

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Ош шаарынын санэпид көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тиешелүү комиссиянын ишинин алкагында калаадагы бардык соода түйүндөрүндөгү мөөнөтү өтүп кеткен жана этикеткасы жок азыктарды текшерүүдөн өткөрүшүүдө. Айрыкча тез бузулуучу азыктарга, анын ичинде кондитердик жана сүт азыктарына өзгөчө көңүл бурулууда.

Борбордун маалыматы боюнча, жарандар “Мухаммед” жана “Туран” кичи райондорунда жайгашкан дүкөндөрдөн сатып алган “Сахобат” кондитердик азыктарынан массалык ууланганына байланыштуу дүкөн ээлерине 1000 сомдон административдик айып салынган. Ал эми “Сахобат” кондитердик цехинин ээсине 7500 сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, цехте даярдалган продукциялар калаадагы жана шаарга жакын райондордогу соода түйүндөрүндө сатылып келгент аныкталып, 2-майдагы рейд учурунда 5000 даана кондитердик азыктар сатуудан алынды. Бүгүн, 3-майда жүргүзүлгөн рейдде “Сахобат” цехинен даярдалган каймак креми кошулган 1347 кондитердик азыктар алынган. Техникалык регламенттин талаптарына жооп бербеген бардык продукциялар тиешелүү комиссиянын катышуусунда Ош шаарындагы таштанды таштоочу жайда жок кылынды.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен санэпид көзөмөлдөө борбору Ош облусунун ички иштер башкармалыгына Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө кодексине” ылайык тиешелүү чараларды көрүү боюнча кат жөнөткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...