• Башкы бет
  • Бишкекте футзал боюнча президент катышкан мелдеш башталды
13:16, 2022-ж., 4-май

Бишкекте футзал боюнча президент катышкан мелдеш башталды

Бишкекте футзал боюнча  президент катышкан мелдеш башталды

Бүгүн, 4-майда Бишкек шаарында футзал боюнча «Мурас» турнири башталды.

Ага Садыр Жапаров баштаган президенттик администрациясынын командасы, Жогорку Кеңештин аппараты, мамлекеттик органдардын, маданият ишмерлеринин, дипломатиялык корпустун жана дин өкүлдөрүнүн, ишкерлердин, журналисттерден жана башка тармактардан турган 12 команда катышууда.

«Спорт — ден соолуктун булагы, тынчтыктын элчиси. Бүгүн мелдешке башка мамлекеттердин элчилери катышууда. Бул биздин биримдигибизден, ынтымагыбыздан кабар берет», — деген Садыр Жапаров.

Өлкө башчынын маалымат кызматынан кошумчалашкандай, спорттук иш-чара Кыргызстандын футбол бирлигинин жана президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...