• Башкы бет
  • Катуу жаандан улам Кара-Кулжа менен Алайдагы көпүрөлөрдү сел алып кетти
13:14, 2022-ж., 4-май

Катуу жаандан улам Кара-Кулжа менен Алайдагы көпүрөлөрдү сел алып кетти

Катуу жаандан улам Кара-Кулжа менен Алайдагы көпүрөлөрдү сел алып кетти

Кечээ, 3-май күнү саат 16:00 жана 18:00 чамаларында Алай жана Кара-Кулжа районунун аймагында жамгыр жаап, сел жүргөн. 

Алай районунун Корул айыл аймагынын Биринчи-Май айылындагы унаа өтүүчү көпүрөнүн жарымын Корул дарыясынан келген сел алып кеткен. Учурда Корул айыл аймагынын Биринчи-Май айылын, Тогуз-Булак, Олжоке жана Кең-Жылга айылдары менен туташтырган каттам үзгүлтүкө учураган.

Ош облустук милициясы тургундардын жана жол коопсуздугун камсыз кылуу жана унаа тыгындарынын алдын алуу максатында жеринде райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн топтор иш алып барып жатышканын билдирди.

Ошондой эле Тогуз-Булак айылында жылгадан түшкөн сел жол четиндеги 2 эки даана электр мамычасын жараксыз абалга келтирип, 7-8 үйдүн короосуна сел кирип, жайыттан 3 баш бодо малды агызып кеткен. Учурда бодо малдын ээлери ким экендиги такталууда.

Коңур-Дөбө айыл аймагынын Боз-Караган жана Кара-Шоро айылдарында, Жошолу айыл аймагынын Үч-Чат айылында, Гүлчө айыл аймагынын Курманжан-Датка айылында сел бир нече жарандын үйүнүн короосуна кирип, огороддорун жууп кеткен. 

Учурда жергиликтүү тургундардын турак жайлары жана мамлекеттик  имараттары зыянга учурагандыгы боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Табигый кырсык жүргөн айылдарда ӨКМ кызматкерлери сел түшкөн жолдорду жана жарандардын турак жайларын тазалоо иштерин жүргүзүшүүдө. 

Ал эми Кара-Кулжа районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Буйга айылынын Беш-Кемпир чегинде кокту колоттордон түшкөн сел болжол менен саат 18:00дөр чамасында унаа көпүрөнү толугу менен алып кеткен. Жабыркагандар жок. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...