Ош шаарында бир нече автоунаа уурдаган жаран кармалды

Ошто бир нече жаранды алдоо жолу менен автомашинасына ээ болуп, аларды сатып, изин жашырып жүргөн жаран кармалды.
Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, ал 2021-жылдын 15-ноябрь күнү шаар тургунунун «Мерседес-Бенц» унаасын 220 000 сомго баалашып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Ал эми 21-ноябрь күнү дагы бир жарандын «Нива-2121» үлгүсүндөгү автомашинасын дагы ушундай эле жол менен алып, башка бирөөгө арзаныраак сатып жиберип качып кеткен. Учурда бул жарандын үстүнөн 4 арыз түшкөн.
Шектүү Ч.А.нын үстүнөн кылмыш кодексинин 209-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.
Анын жүрүшүндө шектүү мурда 8 жолу соттолгондугу, өзү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары 2016-жылдан бери тургандыгы маалым болду.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү бул шектүү жарандан жабыр тарткан адамдар болсо 03222-4-82-82, 0555-65-65-65 номерлери аркылуу кабарлап коюуну суранат.
Комментарийлер