15:10, 2022-ж., 3-май
Баткенде республикалык деңгээлде ат оюндары өтүп жатат

Баткен облусунда 9-май жеңиштин 77 жылдыгына карата республикалык деңгээлде улуттук ат оюндары өтүп жатат.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, оюн Кадамжай районунда кечээ 2-майда башталган.
Ага өлкө боюнча жалпы 26 команда катышууда.
Оюндар ат чабыш, көк бөрү, кыз куумай, тыйын эңмей, ат үстүндө жигит өнөрү, эр сайыш, эр эңиш жана Салбуурун боюнча өткөрүлүп 9-майга чейин уланат.
Мелдештин жалпы байге фонду 3 миллион 500 миң сомду түзүүдө.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
11:30
-ж., 18-март
11:28
-ж., 18-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер