• Башкы бет
  • Ош шаарында 14 бала ууланып ооруканага түштү
15:08, 2022-ж., 3-май

Ош шаарында 14 бала ууланып ооруканага түштү

Ош шаарында 14 бала ууланып ооруканага түштү

Ош шаарында таттууга ууланып 14 бала ооруканага түштү. Алардын ичинен үчөөнүн абалы орточо оор деп бааланууда. Калгандар үй шартында дарыланып жатат.

Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан «Т-Медиага» билдиришинче кондитердик шириндиктерге жалпы 33 адам ууланган. Алардын баары  1-май кечки саат 6дан баштап ооруканага кайрыла баштаган. 

«Уулануунун 4 учуру катталып, жабыркагандардын саны 33 болууда. Алардан жана азыктардан анализ алынып, алдын ала жыйынтык боюнча уулануунун себеби катары «Staphylococcus aureus» аталууда. Ага Кара-Суу районунда жайгашкан кандитердик цехинен чыгарылган азыктар себеп болгон. Азыркы учурда аталган цехке штраф салынып иши токтотулду. Азыктар сатылып жаткан 2 дүкөнгө да айып пул салынды», — деп билдирди Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгери Замир Исмаилов.

Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы шаарда азыктарга уулануунун бир нече учурлары катталганын билдирип, тез бузула турган азыктарды колдонууда сак болууга чакырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...