• Башкы бет
  • Бишкекте өзүн милиция катары тааныштырган жаран кармалды
15:07, 2022-ж., 3-май

Бишкекте өзүн милиция катары тааныштырган жаран кармалды

Бишкекте өзүн милиция катары тааныштырган жаран кармалды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бишкекте өзүн милиционер деп тааныштырып, жергиликтүү тургундан акча опузалаган адам кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жашоочулардын биринен 150 миң сом талап кылып, бербесе камакка аларын айткан. Коркутууга кабылган жаран 130 миң сом берип, анан ИИМге арызданган.

2-майда Ички иликтөө кызматынын адистери шаардык прокуратура менен биргеликте шектүүнү дагы 15 миң сом алып жатканда колго түшүргөн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө башталды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...