• Башкы бет
  • Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты
13:06, 2022-ж., 30-апрель

Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Ош шаарында республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Кечээ, 29-апрелде Ош шаарынын мэриясында үстүбүздөгү жылдын апрель айында өткөн республикалык предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө мындан аркы ийгиликтерди каалап, окуучулардын ийгиликтерине мугалимдердин жана мектеп жетекчилигинин салымы зор экендигин белгиледи.

Иш-чарада республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген окуучуларга баалуу белектер – электрондук китептер, олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө эстелик белектер тапшырылды. Ал эми окуучулары алдыңкы орундарды багынткан мугалимдерге Ош шаарынын мэриясынын акчалай сыйлыктары жана алкыш баракчалары тапшырылды. Жалпысынан шаардагы мектеп жана лицейлердин 34 окуучу жана мугалимдер сыйланды.

Белгилей кетсек, олимпиаданын жыйынтыгында КР Билим берүү жана илим министрлигинин рейтингдик критерийлери боюнча Ош шаары республикада 2-орунга ээ болгон. Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык билим берүү бөлүмү ыраазычылык кат менен сыйланды.

Ошондой эле иш-чарада Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, Ярославль жана Новосибирск шаарлары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы, шаардагы мектептерден орус тили мугалимдерин квалификациясын жогорулатууга жиберүү пландалып жатканы айтылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...