• Башкы бет
  • Ош шаарынын ишкерлери өз продукциясын Ростов-на-Дону шаарына экспорттой алышат
13:03, 2022-ж., 30-апрель

Ош шаарынын ишкерлери өз продукциясын Ростов-на-Дону шаарына экспорттой алышат

Ош шаарынын ишкерлери өз продукциясын Ростов-на-Дону шаарына экспорттой алышат

29-апрелде Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев Евразиялык “Улуттар жүзү” компаниялар тобунун өкүлдөрү жана Ош шаарынын ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, ишкерлердин продукциясын Орусиянын рыногуна, анын ичинде Ростов-на-Дону шаарына экспорттоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Евразиялык “Улуттар жүзү” компаниялар тобунун башкы директору Замирбек Ходжаев билдиргендей, Россия рыногундагы түзүлгөн шарттарга байланыштуу Кыргызстандын айыл-чарба өндүрүүчүлөрү жана өнөр жай субъектилери өздөрүнүн продукциясын Россиянын рыногуна ири соода түйүндөрүндө экспорттоого мүмкүнчүлүк бар.

Мындан сырткары, Ош шаарынын өндүрүшчүлөрү жана ишкерлери 20-21-май күндөрү өтө турган “Дени сак муун” эл аралык форум-көргөзмөсүнө катышууга чакырылды. Анда ишкерлердин ортосундагы байланышты жакшыртууга көмөктөшүп, туризмди, билим берүүнү жана медицинаны өнүктүрүү, Россиянын продукциясын өндүрүүчүлөрдөн Кыргызстанга түз жеткирүү маселелерине көңүл бурулат.

Марс Исаев белгилегендей, Ош шаарынын өндүрүшчүлөрүнүн россиялык ишкерлер менен өз ара аракеттенүүчү үчүн зарыл шарттар түзүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...