• Башкы бет
  • Орусия автоунаа менен кирүүгө уруксат берди
13:00, 2022-ж., 30-апрель

Орусия автоунаа менен кирүүгө уруксат берди

Орусия автоунаа менен кирүүгө уруксат берди

Кыргызстандыктар 16-майдан тарта Орусия аймагына автоунаа менен кире алат. Өлкө мамлекеттик чек арасынан өтүүгө койгон чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Орусия өкмөтү расмий сайтында билдирди. 

Буга чейин пандемиядан улам, Орусияга унаа менен кирип чыгууга чектөө коюлган эле.

«Эпидемиологиялык абалдын турукташтырылганын эске алуу менен 2022-жылдын 16-майынан тартып Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтомдорунда каралган мамлекеттик чек араны кесип өтүүгө бир катар чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды» — деп айтылат маалыматта. 

Эпидемиологиялык абал турукташкандан бери Кыргызстандын аймагына да кирип-чыгуу жеңилдетилген. Кечээ өкмөт 1-майдан тарта өлкөгө кирүүдө ПЧР-тест, эмдөө жөнүндө сертифкат талап кылынбай турганын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...