• Башкы бет
  • Кара-Кулжада жашы жетелек өспүрүмдөр үй-бүлө курганы жалган,-Ош ОИИБ
12:58, 2022-ж., 30-апрель

Кара-Кулжада жашы жетелек өспүрүмдөр үй-бүлө курганы жалган,-Ош ОИИБ

Кара-Кулжада жашы жетелек өспүрүмдөр үй-бүлө курганы жалган,-Ош ОИИБ

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында 8-класстын окуучусу үй-бүлө курганы жалган. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ой-Тал айылынын 17 жаштагы тургунун Көк-Арт айылынын 20 жаштагы жашоочусу үй-бүлө куруу максатында үйүнө алып барган. Бирок, ошол эле күнү кыздын апасы менен милиция барып,  кыздын жашы жетпей турганы эскертилип, үйүнө жиберилген.

«Апасынын айтымында кызы райондук ооруканада дарыланып жаткан экен. Кийин үйүнө чыгарга жакын социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөн жигитке байланышып, алып кетүүсүн айтыптыр. Бала аны ата-энеси менен жашаган үйүнө алып келген. Кыздын апасы менен милиция барганда алар кызы өз ыктыяры менен келгенин, жашы жетпей тургандыктарын билишпегенин айтып кошуп беришкен», — деп билдиришти Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматынан.

Эки тарап сүйлөшүп кыздын жашы жеткенде үйлөнүү тоюн өткөрүүгө макулдашып, сөйкө салышкан.

Кыздын ата-энеси, кыз өзү да арыз жазуудан баш тарткан.

Эске салсак, бүгүн социалдык тармактарда Кара-Кулжа районунуну Алайку аймагында 8-класстын окуучусу турмушка чыкканы боюнча маалыматтар тараган эле.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...