• Башкы бет
  • Жалал-Абадда малдын ветеринардык кагаздарын жасалмалаган жаран кармалды
12:55, 2022-ж., 30-апрель

Жалал-Абадда малдын ветеринардык кагаздарын жасалмалаган жаран кармалды

Жалал-Абадда малдын ветеринардык кагаздарын жасалмалаган жаран кармалды

Жалал-Абадда малдын ветеринардык иш-кагаздарын жасалмалап экспорттоп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 30-апрелде билдирди.

Бул ишке Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин тиешеси бар деп шектелип жатат. 

Териштирүүдө аталган жетекчи акчалай сыйлык үчүн мал-жандыктарын сыртка чыгаруу менен алек болгон жарандарга малды текшербестен документтерин жасап берген. Анын ичинде:

§форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн;

§мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуп күбөлүк даярдаган. 

УКМК бул жарандарды жетекчи менен 100 миң сомдон ашык акчага келишим түзүп жаткан жеринен кармаган. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...