• Башкы бет
  • Ош шаарында Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат
14:47, 2022-ж., 29-апрель

Ош шаарында Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат

Ош шаарында Орозо айт намазы борбордук аянтта окулат

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, Орозо айт намазы шаардын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу бүгүн вице-мэр Венера Рыскулова жетектеген Орозо айт намазын окууну уюштуруу комитетинин отурумунда белгилүү болду. Жыйында тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнө уюштуруу маселелерин чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, Орозо айт намазы 2-майда саат 07:30да окулуп баштайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...