• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэриясынын коллегиясында 6 маселе каралды
14:45, 2022-ж., 29-апрель

Ош шаарынын мэриясынын коллегиясында 6 маселе каралды

Ош шаарынын мэриясынын коллегиясында 6 маселе каралды

28-апрелде Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы болуп өттү. Күн тартибинде 6 маселе каралды:

- Ош шаарынын 2019-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудиттин жыйынтыгы жөнүндө;

- Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө;

- 2021-2022-жылдардын күзгү-кышкы жылытуу мезгилинин жыйынтыгы жөнүндө жана 2022-2023-жылдардагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жөнүндө;

- Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын ишмердүүлүгү жөнүндө;

- Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы жана Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн түзүлгөн шарттар жөнүндө;

- Ош шаарында коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жол бербөө, терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү, алардын алдын алуу максатында тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан мекеме-ишканалар менен биргеликте профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө.

Жыйынга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Алтынбек Эргешов жана КР Президентинин Аппаратынын башка өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, калаанын вице-мэрлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана МАБ башчылары катышты.

Биринчи суроонун алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баяндама жасап, 2019-жылдын 1-январынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасы тарабынан Ош шаарынын мэриясына караштуу 22 бюджеттик мекемеде жана 8 чарбалык ишканаларда бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү жүргөнүн белгиледи. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган. Шаар мэри Алмаз Мамбетов азыркы жетекчилерге бул маселени бир айдын ичинде чечүүнү тапшырды.

Андан соң Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады. Анда мыйзамсыз объектилер, анын ичинде соода түйүндөр, көп кабаттуу үйлөр боюнча маселе көтөрүлдү. Калаа башчы Мамбетов тез аранын ичинде мыйзамсыз объекттерди бузуу боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле мэр Юго-Восток кичи районундагы жеке клиникалардын биринин тосмолорун эки жолу бузууга туура келгенин эске салды. Бул маселе боюнча мыйзам бузуучуга тиешелүү административдик айып салуу тапшырмасы берилди. Ага улай мэр муниципалдык мекемелерде жана кызматтарда заманбап пандустарды куруу иштерин активдештирүү тапшырмасын берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...