• Башкы бет
  • Салык кызматы карыздарды кантип өндүрүп жатканы боюнча маалымат берди
14:39, 2022-ж., 29-апрель

Салык кызматы карыздарды кантип өндүрүп жатканы боюнча маалымат берди

Салык кызматы карыздарды кантип өндүрүп жатканы боюнча маалымат берди

Учурда салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды мажбурлап өндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Аталган кызмат бул «Соттук аткаруучунун статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамда каралган механизмдерди колдонуу, чечимдерди мажбурлап аткартуу менен жүрүп жатканын белгилөөдө.

Алар: 

– карызкордун банктардагы жана казыналыктардагы эсептерин, ошондой эле баалуу кагаздарын, мүлкүн камакка алуу;

– карызкордун өлкө аймагынан чыгуусуна убактылуу тыюу салуу;

– кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салуу;

– банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салуу;

– карызкордун аты-жөнүн жана башка паспорттук маалыматтарын алмаштырууга тыюу салуу;

– лотереялык утуштарды, белектерди, материалдык жардам же мурас катары алынган акча каражаттарын жана/же башка мүлктү жана башкаларды алууга тыюу салуу.

Мындан тышкары, соттордун салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдери боюнча мамлекеттик алымды төлөө милдети жоопкерге (салык төлөөчүгө) жүктөлөт.

Белгилей кетсек, карызды өндүрүп алуу жөнүндө күчүнө кирген соттук актылар боюнча «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзамында каралган реструктуризациялоо механизмин колдонуу мүмкүн эмес.

Мамлекеттик кызмат салык төлөөчүлөрдөн жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн карыздарын толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүсүн өтүнөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...