• Башкы бет
  • Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленип жатат
14:33, 2022-ж., 29-апрель

Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленип жатат

Бишкек шаарынын 144 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаары өзүнүн 144 жылдыгын белгилеп жатат.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров шаар тургундарына куттуктоо жолдоду.

Куттуктоодо "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында борборго быйыл 40 миңге жакын көчөт отургузулганы, борбор калаанын экологиясын жакшыртуу максатында газ менен жүрө турган автобустар алып келинери, "Акылдуу Бишкек" - "Келечек - 2030" концепцияларынын долбоорлору даярдалганы айтылган.

Билим берүү мектептериндеги окуу процесинде санариптик технологияларды колдонуу үчүн SMART-мектептердин ишин уюштуруу, 15 мектеп, бир бала бакчанын курулушу башталганы белгиленген.

Кыргызстандын борбору - Бишкек шаары 1878-жылы негизделген. Калкы 1 миллиондон ашкан шаардын жалпы аянты 16 миң гектарды түзөт.

Калаадагы жолдордун, жаңы конуштардын абалы, социалдык мекемелердин жетишсиздиги, экология маселесин адистер, активисттер көтөрүп келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...