• Башкы бет
  • Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган 4-класстын окуучусу милициянын каттоосуна илешти
14:24, 2022-ж., 29-апрель

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган 4-класстын окуучусу милициянын каттоосуна илешти

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган 4-класстын окуучусу милициянын каттоосуна илешти

Бишкекте 12 жаштагы кызды сабаган 4-класстын окуучусунун үстүнөн дагы бир арыз түштү.

Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

28-апрелде кайрылган ата-эне алардын кызы Ю.С. шаардагы мектептердин бириндеги ажатканада сабалганын билдирген. Алар буга 2011-жылы туулган Ч.А. аттуу окуучуну айыптаган. Аталган факт Октябрь РИИБинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Милициянын маалыматында окуучуларга кол көтөргөн кыз алты айлык профилактикалык каттоого (учет) алынды. Алдыдагы эки жумада ал үйүндө онлайн билим алат. Бул үчүн атайы программа иштелип чыккан. Окуучунун үй-бүлөсү менен да профилактикалык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Буга чейин башка кызды сабаганы видеого түшүп калган 4-класстын окуучусунун ата-энесине Кылмыш-жаза кодексинин 102-беренеси ("Ата-энелик милдеттерин аткаруудан качуу") менен протокол түзүлүп, 3 миң сом айыппул салынган. Топтолгон материалдар Октябрь райондук балдар менен иштөө комиссиясына жөнөтүлгөн.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 4-класстын окуучусу билим алган №56 мектептин директору жана завучуна карата тартиптик чаралар көрүлгөнүн билдирген.

Иликтөөлөргө ылайык, окуучуларды мындай кадамга көпчүлүк учурда миграция, жумушсуздук, рэкетчилик, чоңсунуу, опузалоо жана үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер түртөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...