• Башкы бет
  • Ош шаарында май айында бир катар иш-чаралар болот
13:48, 2022-ж., 28-апрель

Ош шаарында май айында бир катар иш-чаралар болот

Ош шаарында май айында бир катар иш-чаралар болот

Май майрамдарына карата Ош шаарындагы иш-чаралардын программасы:

1-май (саат 10:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата эмгекчилердин тынчтык жүрүшү;

1-май (саат 10:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Т.Сатылганов жана А.Навои атындагы парктарда спорттук мелдештер;

4-май (саат 10:00) - Ош шаарынын борбордук аянтында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата массалык веложарыш;

5-май (саат 16:00) - Конституция күнүнө арналган Ош жана Андижандын маданият ишмерлеринин катышуусунда борбордук аянтта “Футбол шоу” иш-чарасы;

6-май (саат 16:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде “Этно-Ош” фольклордук тобунун концерттик программасы;

7-май (саат 16:00) - “Бирдей” инклюзивдик фестивалы

7-май (саат 16:00) - А.Навои атындагы сейил багында Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Улуу Мурас” фольклордук тобунун концерттик программасы;

8-май (саат 18:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата “Алымбек-Датка” этнографиялык комплексинде концерттик программа;

9-май (саат 10:00) – “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде митинг-реквием;

- Токтогул Сатылганов атындагы сейил багында майрамдык программа;

- Согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери үчүн жоокердик ботко;

- “Согуш жылдарындагы ырлар” оркестринин концерттик программасы;

- “Келечек” балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы;

- “Шайыр апалар” фольклордук тобунун майрамдык программасы;

9-май (саат 10:00) - Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Т.Сатылганов жана А.Навои атындагы парктарда спорттук мелдештер;

9-май (18:00) – А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын “No name” жана Андижандын “БРАВО” КВН командаларынын катышуусунда “Достук” эл аралык кубогунун концерттик майрамдык программасы.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...