• Башкы бет
  • Ошто ооруканаларда телефон уурдап жүргөн жаран кармалды
13:44, 2022-ж., 28-апрель

Ошто ооруканаларда телефон уурдап жүргөн жаран кармалды

Ошто ооруканаларда телефон уурдап жүргөн жаран кармалды

Ошто ооруканаларда бейтаптардын телефондорун уурдап жүрүүгө шектелип, мурда төрт жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Шектүү 38 жаштагы Кара-Кулжа районунун тургуну. Анын үстүнөн милицияга жыл башынан бери 15 арыз түшкөн. Даттангандардын баары Оштогу облустар аралык жана Ош облустук балдар ооруканасынын кызматкерлери жана ошол жерде дарыланып жаткан бейтаптар.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү таң эрте оорукана бөлмөлөрүнө кирип, столдо кароосуз калган телефондорду уурдап кетип жүргөнү белгилүү болгон.

«Шектүү бир уурулук жасаган жерине көпкө чейин кайрадан барбай, убакыт өткөрүп, кокустан пайда болуп уурулуктарды жасап изин жашырып жүргөн. Эрте менен саат 06.00 чамаларында кирип оорукчандардын уктап жаткандыктарынан пайдаланып столдордо кароосуз калган же заряддалып турган мобилдик телефондорун уурдап чыгып кетип турган» — деп айтылат маалыматта.

Ал бир нече ирет медицина кызматкерлерининин оорукананын кире беришинде кубаттоого сайылып турган телефондорун дагы уурдап үлгүргөн.

Учурда шектүү Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда. Уурулук фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...