• Башкы бет
  • Акжол Махмудов Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду
14:36, 2022-ж., 20-апрель

Акжол Махмудов Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

Акжол Махмудов Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Ал 77 килограмм салмакта  казакстандык Максат Ережепов менен күрөшүп, атаандашын 3:1 эсебинде жеңди. Ушуну менен Кыргызстандын эсебине экинчи алтын байге жазылды.

Махмудов чейрек финалда ирандык Ареф Мозафар Хабиболлахини 9:1, жарым финалда түштүк кореялык Олимпиада чемпиону Ким Хён Уну 4:1 эсебинде жеңип алган болчу.

34 жаштагы Акжол Махмудов ушуну менен экинчи жолу Азия чемпиону болду. Ал 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында жеңүүчү болгон. Махмудов Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.

Буга чейин Азия чемпионатында 63 килограмм салмактагылар арасында Тынар Шаршенбекоы чемпион болду.

Айта кетсек, турнирдин бүгүнкү айлампасында килемге чыккан беш балбандын төртөө финалда беттешүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. Алдыда 87 кг салмакта Мелис Айтбеков менен 130 кг салмакта Роман Ким коло медаль үчүн беттешет.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги 24-апрелде жыйынтыкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...