• Башкы бет
  • Чыр чыккан аймакка тажик тарап кошумча күчтөрүн топтоп жатат,-Чек ара кызматы
23:58, 2022-ж., 12-апрель

Чыр чыккан аймакка тажик тарап кошумча күчтөрүн топтоп жатат,-Чек ара кызматы

Чыр чыккан аймакка тажик тарап кошумча күчтөрүн топтоп жатат,-Чек ара кызматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 12-апрели саат 23.15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдайт, деп билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз айылдарын миномёттон аткылоону токтотуп саат 22.50дөн 23.16га чейин Баткен облусунун Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылап турушту. 

Мындан тышкары, чыр-чатак орун алган жерге тажик тарап кошумча күчтөрүн жана каражаттарын топтоп жатканы байкалган. 

Күч структуралыры менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жеринде координациялоону Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчысы катчысы генерал-лейтенант Марат Иманкулов ишке ашырып жатат. 

КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн баардык чараларды көрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...