14:08
-ж., 29-февраль
Иллюстрациялык сүрөт
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы саат 22.15те тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон атууну токтоткондугун маалымдайт, деп билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда.
КР УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерин абалы оор деп мүнөздөлүүдө. Ал Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилген. Аскер кызматкери операцияга даярдалууда.
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлүүдө.
Комментарийлер