• Башкы бет
  • Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылай баштады,-Чек ара кызматы
22:36, 2022-ж., 12-апрель

Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылай баштады,-Чек ара кызматы

Тажик тарап Достук айылын миномёт менен аткылай баштады,-Чек ара кызматы

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 12-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен кайталанган чыр-чатак орун алгандыгын маалымдайт, деп билдирди.

Маалыматка караганда, кечки саат 21.17 чамасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү учурунда чыр-чатак орун алган жерге кошумча күч катары келген Тажикстандын чек арачылары УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине ок чыгарышкан. 

Кайрадан ок атышуу орун алып, 30 минутага жакын созулган. 

Кийинки орун алган ок атышууда  УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери жаракат алган. 

Андан ары тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылай баштады. 

КР УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин биргелешип кайтарылган чек арада кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө жана жергиликтүү жашоочуларды аткылоону токтотууга чакырат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...