• Башкы бет
  • Соңку суткада коронавирус жуктургандар катталган жок
13:43, 2022-ж., 11-апрель

Соңку суткада коронавирус жуктургандар катталган жок

Соңку суткада коронавирус жуктургандар катталган жок

Саламаттыкты сактоо министрлиги 11-апрелдин таңына карата бир күндөгү коронавирус боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, соңку суткада коронавирус илдетин жуктургандар да айыгып чыккандар да катталган жок. Жалпы 839 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн.

Буга чейин коронавирус жуктургандардын жалпы саны пандемия башталгандан бери 200 970ке жеткен. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 303. Каза болгондор 2991.

Учурда ооруканада 71, үй шартында 14 бейтап дарыланып жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...