• Башкы бет
  • Баткенде токтотулган айыл-чарба иштери кайра жанданган жок
13:37, 2022-ж., 11-апрель

Баткенде токтотулган айыл-чарба иштери кайра жанданган жок

Баткенде токтотулган айыл-чарба иштери кайра жанданган жок

Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат жана Бешкент айыл аймагында айдоо жерлерди эгүү учурунда тиреш чыккан.

5-апрелде Максат айылынын тургуну Дастан Марипов тамаркасын айдап, эгин себүүгө аракет кылган учурда кошуна Тажикстандын жарандары менен чек арачылары ишти токтотконуна даттанган.

Облустук бийлик жакын арада райондук деңгээлде эки тараптуу жолугушуу өтүп, маселе чечиле турганын кабарлаган. 9-апрелде Бешкент айылынын тургундары жер айдап жаткан учурда тажикстандык жарандар менен чек арачылар келип, ызы-чуу салып, ишти токтотууну талап кылып жаткан видео тараган.

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайырбек Орозалиев кошуналардын талабы менен токтотулган айдоо иштери жандана электигин “Азаттык” радиосуна 11-апрелде билдирди.

Анын айтымында жер боюнча эки тараптуу жергиликтүү деңгээлдеги жолугушуулардан кийин маселе чечилет дегени менен талаш чечиле элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, буга чейин анын 519 чакырымы гана такталган. Өткөн жылдын май айынан бери чек ара тактоо боюнча эки тараптуу комиссия 81 чакырым боюнча орток пикирге келгени кабарланган. Калган чек аралар негизинен калктуу конуштарга келип такалган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Ал чатакта Кыргызстандан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын айткан. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...