• Башкы бет
  • Оштук мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды
10:44, 2022-ж., 6-апрель

Оштук мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды

Оштук мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Белград шаарында (Сербия) өткөн бокс боюнча Эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Чемпионду мэриянын дене тарбия жана спорт комитети Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алды.

Эске салсак, 29-марттан 3-апрелге чейин Белград шаарында (Сербия) бокс боюнча Эл аралык турнир өткөн. Спорттук иш-чарага 17 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын мушкерлери катышты. Мунарбек Сейитбек уулу финалга чыгып, Армениядан келген Европа чемпионун жеңип, 57 килограмм салмакта бокс боюнча чемпион аталды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...