14:08
-ж., 29-февраль
COVID-19 илдетин жуктургандар катарынан 3 суткадан бери аныкталган жок. Ошол эле учурда мурда жуктургандардын ичинен 11 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Пандемия башталган эки жылдан бери Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 200 968ди түзүүдө. Алардын ичинен айыгып чыккандар 196 268. Курмандыктар 2991.
Соңку суткада 1 668 ПЦР изилдөө жүргүзүлгөн.
Учурда ооруканада 89, үй шартында 31 бейтап дарыланып жатат.
Комментарийлер