• Башкы бет
  • Кыргыз-өзбек чек арасында атылган кыргызстандыктардын сөөгүн кайтарылды
10:33, 2022-ж., 6-апрель

Кыргыз-өзбек чек арасында атылган кыргызстандыктардын сөөгүн кайтарылды

Кыргыз-өзбек чек арасында атылган кыргызстандыктардын сөөгүн кайтарылды

Кечээ, 5-апрель кечинде кыргыз-өзбек чек арасындагы атышууда каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга «Маданият-авто жол» аркылуу өткөрүлүп берилди. 

Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, каза болгондор Аксы районунун Дейрес айылынын 37 жана 31 жаштагы тургундары болгон.

Учурда Аксы районунун Дейрес айылында Кыргызстандын жарандары менен Өзбекстандын чек арачыларынын ортосунда орун алган чыр-чатактын натыйжасында УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик жүктөрдү ташууга катышкан жарандары издөө боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...