• Башкы бет
  • Өлкөдө экинчи күн катары менен коронавирус жуктургандар катталган жок
11:46, 2022-ж., 5-апрель

Өлкөдө экинчи күн катары менен коронавирус жуктургандар катталган жок

Өлкөдө экинчи күн катары менен коронавирус жуктургандар катталган жок

Экинчи күн катары менен Кыргызстанда коронавируска чалдыккан учур катталган жок.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, инфекцияны мурда жугузган 132 адам дарыланып жатат. Алардын 41и ооруканада, 91 адам үйлөрүндө дарыланууда.

Бир суткада тогуз киши айыгып чыкты.

Кыргызстанда коронавирус болгондордун жалпы саны 201 миңге чукулдады.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден көбүрөөк кишиге сайылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...