• Башкы бет
  • Ушул күнгө чейин коронавирустан 2 миң 990 адам каза болду
12:00, 2022-ж., 2-апрель

Ушул күнгө чейин коронавирустан 2 миң 990 адам каза болду

Ушул күнгө чейин коронавирустан 2 миң 990 адам каза болду

Саламаттык сактоо министрлигинин 2-апрелдеги маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус тогуз адамдан аныкталды. Оору жугузуп алгандардын баары Бишкекте катталды. Башка аймактарда ооруну жугузуп алгандар катталган эмес.

Өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган эки жылдан бери аны жугузуп алгандардын расмий катталган саны 200 955  адамга чукулдады. Расмий эсеп боюнча 2990 киши каза болду.

Ушул тушта ооруканаларда жаткан 90 адам жатат, алардын арасында жети бейтаптын абалы өтө оор, дагы 28 киши оор абалда. Үйлөрүндө 50дөн ашык адам дарыланууда.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго жакын адам алды, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон ашты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...