• Башкы бет
  • Түндүк-Түштүк автожолунун Жумгалдагы бөлүгү талкууланды
10:20, -ж., 30-март

Түндүк-Түштүк автожолунун Жумгалдагы бөлүгү талкууланды

Тектеш сүрөт

Тектеш сүрөт

Нарында Түндүк-Түштүк автожолунун Жумгал районунун аймагы аркылуу өтүүчү айрым жерлериндеги көйгөйгө байланыштуу бүгүн 29-мартта жыйын өткөнүн “Нарын медиа борбору” кабарлады.

Маалыматка караганда, ылай аралаш жолдон өтүү көйгөйү курч болуп жаткан маселе Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында Нарын облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган жыйында айтылды. Анда жолдун начар абалы, чөгүп кеткен тилкелери тууралуу айтылып, ыкчам чара көрүү керектиги белгиленди.

Жыйынга Жумгал районунун жетекчилиги, айыл өкмөт башчылары, №24 жол тейлөө ишканасынын, “Чайна Рейлвэй”, “Чайна Роуд” башкы подрядчиктеринин өкүлдөрү, башка тиешелүү мекеме жетекчилери жана жарандык активисттер катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...