Ош шаарында журналист Арзыгүл Галымбетованын эскерүү зыйнаты болду

Кечээ, 28-март күнү Ош шаарындагы Алымбек-Датка эс алуу багында журналист Арзуугүл Галымбетованы эскерүү зыйнаты өттү. Ага Оштогу бир нече телеканалдын директорлор, редакторлору, бир нече сайттын редакторлору, кабарчылары, журналисттер жана Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, Ош мэриясынын басма сөз кызматы, Ош ШИИБдин басма сөз кызматы, Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы, эркин журналисттер катышты.
Анда журналисттер Арзуугүл Галымбетованын ак жүрөктүгүн, жан-дүйнөсүнүн тазалыгын, кандай гана адам болбосун мамиле куруп кете аларын, айрыкча Баткен облусундагы чек ара жаңжалдарында тикеден-тик туруп, өмүрүн канжыгага байлап болсо дагы маалымат чагылдырып, аткезчилик иштерин чагылдырууда жигердүү роль ойногонун белгилешти.
Ошондой эле айрым журналисттер блогер менен журналистти айырмалоого убакыт жеткенин билдиришти.
Мындан сырткары Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков, Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү, Ош шаардык мэриясынын баса сөз катчысы Азамат Жээнбековдор да сөзгө чыгып, Галымбетованын сөз кадырын билген, өз кесибине берилүү менен иштеген журналист катары баалашты.
Эскерүү зыянатынын аягында маркумга багышталып куран окулду.
Комментарийлер