• Башкы бет
  • Аба ырайы: Түнкүсүн айрым райондордо кар жаайт
14:17, 2022-ж., 29-март

Аба ырайы: Түнкүсүн айрым райондордо кар жаайт

Аба ырайы: Түнкүсүн айрым райондордо кар жаайт

30-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 8…13;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз 0…-5 градус.

Бишкекте жаан, кар жашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 10…12 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...