• Башкы бет
  • Түркия: Орус-украин делегациясы сүйлөшүүлөрдү баштады
14:15, -ж., 29-март

Түркия: Орус-украин делегациясы сүйлөшүүлөрдү баштады

Түркия: Орус-украин делегациясы сүйлөшүүлөрдү баштады

Стамбулда Украина менен Орусия делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсү башталды.

Анын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушуудагы ыктымал прогресс Украина менен Орусиянын лидерлеринин сүйлөшүүсүнө жол ачарын билдирди.

Эрдоган сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга турган убакыт келгенин кошумчалап, ок атышууну токтотууга чакырды. Түрк президенти буга чейин Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Украин лидери Владимир Зеленский билдиргендей, сүйлөшүүдө алар үчүн «өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана суверендүүлүгү» эң башкы приоритет бойдон калат.

Бул эки аптадан берки алгачкы көзмө-көз жолугушуу. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыккан эмес.

29-мартта Британиянын аскердик чалгын кызматы маалымдагандай, украиндер чабулдаарга туруштук берип жатканы менен орус күчтөрү Киев үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...