• Башкы бет
  • Курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды
12:30, 2022-ж., 26-март

Курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

Курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды

24-март күнү  УКМК тарабынан мыйзамсыз колдонуудан ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылар бекитилген жер табылды.

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери Нарын облусунун ИИБнын жана УКМКнын чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Семиз-Бел айылындагы, Орто-Токой суу сактагычынын жанынан белгисиз адамдар тарабынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жай табылган.

    Аталган жайдан:

-2 кырдуу жылмакай курал;

-1 жылмакай аңчылык куралы;

-1 майда калибрлүү мылтык,

-1 “Сайга-410” карабини;

-59 даана ар кандай калибрдеги октор табылган.

Табылган бардык курал-жарактар менен ок-дарылардын сериялык номерлери, анын ичинде гильзалардагы маркировка маалыматтары өчүрүлгөн.

Азыркы учурда аталган курал-жарактарды сактоочу жайды уюштурган адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...