12:26, 2022-ж., 26-март
Акыркы суткада коронавирустун 11 жаңы учуру аныкталды

Кыргызстанда 26 — мартка карата COVID-19 илдетинин 11 жаңы учуру аныкталды. Оорудан өткөн суткада бир адам каза болуп, 11 бейтап сакайып чыкты.
Вирус жутургандар Бишкекте — 7, Чүй облусунда — 4 киши. Калган аймактарда инфекция катталган жок.
Ушуну менен өлкөдө пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери 200 миң 868 адам вирус жуктурду. Эки жыл ичинде 196 миң 154 бейтап оорудан сакайып, 2 миң 984 киши каза болду.
Учурда стационарда 85 бейтап, үйдөн 61 киши дарыланып жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
15:23
Кечээ
13:20
-ж., 29-март
13:19
-ж., 29-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер