
13:41, 2022-ж., 25-март
Ош шаары Өзбекстандын Андижан облусу менен кызматташууну тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасына кол койду

23-март күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов баштаган мэриянын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна иш сапары менен барды. Иш сапардын жүрүшүндө Андижан облусунун губернаторунун орун басары Б.Хамраев делегацияны облустун алдыңкы текстиль ишканалары менен тааныштырды.
Ошондой эле Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен Андижан облусунун губернатору Шухратбек Абдурахманов жолугушуп, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасына кол коюшту.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:09
Кечээ
16:06
Кечээ
15:59
Кечээ
15:15
-ж., 7-декабрь
Атайын тема
Жарыялар
15:46, -ж., 5-декабрь
29
live comments feed...
Комментарийлер