Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо өнөктүгү башталды

Бул мамлекеттик маанилүү өнөктүккө толук жоопкерчилик менен мамиле жасап, каттоого активдүү катышууга чакырабыз. Каттоочуну киргизип, анын суроолоруна жооп берүү – ар бир адамдын жарандык милдети. Жана биз дагы бир жолу каттоочуну кантип айырмалап, анын статусун ырастоо керектигин эскертебиз.
Кыргыз Республикасындагы эл жана турак жай фондун каттоонун ар бир кызматкеринин жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү тарабынан күбөлөндүрүлгөн күбөлүгү бар. Документте каттоочунун жеке маалыматтары гана эмес, каалаган смартфондон сканерлөө мүмкүн болгон QR-коду да бар. QR-код аркылуу сиз расмий сайттагы маалымат базасына кире аласыз, ал каттоочуну аныктоого жана анын ыйгарым укуктарын тастыктоого жардам берет.
Каттоонун уюштуруучулары улуу муундун, QR-кодду колдоно албаган адамдардын да камын көрүштү. Алар 1216 кыска номери боюнча байланыш борборунун кызматкерлерине суроо бере алышат. Кыргыз Республикасындагы эл жана турак жай фондун каттоого байланышкан бардык суроолор боюнча бул номерге чалып, кайрылсаңыздар болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык каттоо бөлүмү байланышта, телефон: +996 (312) 32 53 36.
Кыргызстанда ар бир адам маанилүү!
Комментарийлер