Лейлек районунда айрым жетекчилер кармалды

Баткендин Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын мурдагы башчылары Саатбек Эгембердиев, Бекжан Жалилов жана учурдагы жооптуу катчы Акжол Абдуллаев камакка алынганы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта «Т-Медиага» Достук айыл аймагынын айыл башчысы Сулайман Эргашов билдирди.
Анын айтымында, бошотууну талап кылгандар Лейлек прокуратурасынын алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат. Эргашов 100дөй адам чогулганын кошумчалады.
«Бизге жеткен маалымат боюнча алар 25-мартка караган түнү саат 2:45 чамасында кармалыптыр. 48 саатка камалганын уктук. Азыр прокуратуранын алдында 100дөй адам митинг өткөрүп жатабыз. Наарызылыкка чыккандардын колунда «Набиев кетсин», «Бостонов камалсын» деген плакаттар бар. Топтолгондор Исфанага барабыз деп жатышат».
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы менен байланышканыбызда маалыматты тактоо жүрүп жатканын билдирди.
Жакында эле эркин журналист Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы чек арада жайгашкан Арка, Достук айылдарында менчиктелип кеткен мамлекеттик имараттар жана жер тикелери тууралуу өзүнүн Ютуб-каналына сюжеттер серия чыгарган.
23-мартта Башкы прокуратура менчиктештирилген мүлк боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирген.
Комментарийлер