• Башкы бет
  • Бажы кызматкерлери пара талап кылууга айыпталып, кармалды
13:35, 2022-ж., 25-март

Бажы кызматкерлери пара талап кылууга айыпталып, кармалды

Бажы кызматкерлери пара талап кылууга айыпталып, кармалды

«Манас» аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады. 

Расмий маалыматка караганда, алар Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинде («Опузалап пара алуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында колго түшкөн. Шектүүлөр ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардан ар кандай шылтоо менен опузалап акча алып турушкан. Алардын пара алуу ишин туруктуу жолго салып алганы аныкталды.

«Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында К.С.Ш. кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди. Ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин «Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү пунктунун кызматкери да пара алууга шектелип кармалган. УКМК шектүү Бишкек шаарында Кытайдын жаранынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылган деп шектеген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...