• Башкы бет
  • Президент С. Жапаров Эл каттоо жараянына катышты
13:33, -ж., 25-март

Президент С. Жапаров Эл каттоо жараянына катышты

Президент С. Жапаров Эл каттоо жараянына катышты

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдагы элди жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышып, сурамжылоонун суроолоруна жооп берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда элди жана турак жайды каттоо жараянынын биринчи этабы башталды. Ал 3-апрелге чейин уланат. Каттоонун экинчи этабы алыскы тоолуу райондорду камтыйт. Бул өнөктүк 23-апрелде башталып, 2-майда жыйынтыкталат. Бул жолку өнөктүктүн өзгөчөлүгү – автоматташтырылган системалардын жардамы менен электрондук форматта өтүп жатат. Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырат. Эгер мурда маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо бул жолу алар атайын иштелип чыккан мобилдик тиркемеге жүктөп турат.

Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүрөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга которулган.

Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүк жарандар да өтөт.

Чет жактагы кыргызстандыктар эгер алар бир жылга чейинки мөөнөткө кеткен болсо каттоого алынат, ал эми бир жылдан ашык убакытка болсо, анда Кыргызстандын калкынын санына кирбейт.

Каттоочу кызматкерлерге атайын күбөлүк жана QR код берилет, андыктан түрдүү алдамчылардан сак болуу үчүн чыныгы каттоочуларды ошол документтери аркылуу текшерсе болот.

Каттоодон өтүү үчүн эч кандай документ талап кылбайт, ар бир адам кайсы жерде жашаганы тууралуу эмнени айтып берсе, ошол жазылат.

Жалпысынан үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны, билими, тили, жумушу, жаш курагы, жашоо-шарты, киреше булагы, коронавирус, үйдүн дубалдарынын материалы сыяктуу 40ка жакын суроо берилет. Алардын баарына бир үй-бүлөдөн бир эле адам жооп берсе болот.

Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий соңку жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланат.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстандын калкы 6,5 миллионго чамалады. Өлкө эгемендик алган 1991-жылдан бери каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өткөнү жатат. Биринчиси 1999-, экинчиси 2009-жылы уюштурулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...