13:28, 2022-ж., 25-март

Коронавирустан бир адам каза тапты

Коронавирустан бир адам каза тапты

Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын бүгүнкү, 25-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус 10 адамдан аныкталды. Бишкекте алты, Чүйдө төрт учур катталды. Бир бейтап каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2983 адам.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 857 адам болду.

Акыркы суткада 14 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда 88 бейтап ооруканада, 58и үйүндө дарыланууда.

Мурдарак Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирген. Кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскертүүдө.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туура келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталган. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...