• Башкы бет
  • УКМКнын командасы Бириккен Араб Эмиратындагы мелдеште күчтүүлөрдүн ондугуна кирди
12:00, 2022-ж., 24-март

УКМКнын командасы Бириккен Араб Эмиратындагы мелдеште күчтүүлөрдүн ондугуна кирди

УКМКнын командасы Бириккен Араб Эмиратындагы  мелдеште күчтүүлөрдүн ондугуна кирди

Дубайда өткөн UAE SWAT Challenge 2022 эл аралык мелдешинде  УКМКнын 9-кызматынын атайын багыттагы жоокерлери катышкан Кыргыз Республикасынын курама командасы финалдык турда  8-орунду ээледи. Мелдешке үй ээлеринен тышкары АКШ, Россия, Франция, Бразилия, Таиланд, Пакистан, Сербия, Сауд Аравия Королдугу, Армения, Нигерия, Шри-Ланка жана башка мамлекеттердин атайын багыттагы командалары катышышып, жалпысынан 22 өлкөдөн күчтүү 34 команда катышты.

Дубай полициясы уюштурган иш-чарада жеңүүчүлөр тактикалык машыгуулар, чабуулдар, куткаруу иштери жана тоскоолдуктардан өтүү боюнча болду. Мелдеште жоокерлер шарттуу жарадар болгон жолдошторду эвакуациялоо боюнча командалык тапшырмага да зор маани берилип, бардык сыноолор кемчиликсиз гана эмес, мүмкүн болушунча убакытка байланыштуу тезирээк өтүшү керектиги каралган.

Адистердин айтымында, мындай эл аралык мелдештер атайын даярдыктагы аскерлер үчүн зарыл жана пайдалуу болмокчу. Анын ичинде атайын күчтөр тажрыйба алмашууга, коопсуздукту камсыздоонун заманбап ыкмаларын изилдөөгө шарт түзүлмөкчү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...