• Башкы бет
  • Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус илдети аныкталды
11:26, 2022-ж., 24-март

Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус илдети аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 24-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда вирус 11 адамдан аныкталды. Бишкекте тогуз, эки учур Чүйдө катталды. Каза болгондор жок. Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 847 адам болду.

Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты. Учурда 89 бейтап ооруканада, 63 үйүндө дарыланууда.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын расмий саны 2982 адам.

Кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскертүүдө.

Коронавирус эпидемиясы Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган. Биринчи толкун ошол жылдын июль айына туура келип, күнүнө 2,5 миңдей бейтап катталып жаткан. Оорунун төртүнчү толкуну быйыл январда болуп өттү.

12-марттан тартып коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...