• Башкы бет
  • Украинада окко учкан жаран Кыргызстанга алынып келет
11:23, 2022-ж., 23-март

Украинада окко учкан жаран Кыргызстанга алынып келет

Украинада окко учкан жаран Кыргызстанга алынып келет

Бүгүн, 23-мартта Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келери айтылууда. Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

22-февралда окко учкан жигит 19 жашта болгону, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...